Саламаттыкты сактоо департаменти шаар тургундарын жана конокторду кызылча оорусуна шектенүүлөр болсо  (0312) 31-87-67 , 31-88-24 номуруна кайрылууга чакырат.


Ошондой эле, калаада кызылча оорусунун күч алышына байланыштуу Саламаттыкты сактоо департаментинде оорунун күч алышына жол бербөө жана алдына алуу боюнча штаб түзүлдү.


ҮМБнун жетекчилери Билим берүү мекемелеринде жана калк арасында жүргүзгөн иштери боюнча күн сайын 17.00 до штабдын отурумунда маалымат берет.


Үйбүлөлүк медицина борборлорунун башчыларына атайы тапшырмалар берилип, күн сайын билим берүү мекемелеринде сабактардын алдында текшерүү жүргүзүп, мугалимдер менен класстык сааттарды жана кызылча оорусун алдына алуу боюнча ата-энелер чогулушун өткөрүү тапшырмасы берилди.