Аталган кызмат Чокморов көчөсү №246 дарегинде жайгашкан Борбордук китепкананын имаратында иштөөдө.
“Библионяня” кызматынын башкы максаты 3 жаштан 10 жашка чейинки бөбөктөргө жана алардын ата- энелерине балдарга билим берүү, туура багытка салуу эсептелет. Китепканадан балдар китеп окуп, сүрөт тартып, кол өнөрчүлүк менен алектенип жана мульттасмаларын көрө алышат. Окуучулар үчүн үй тапшырмасын даярдоого көмөк болот.