Турнирдин ачылышына Свердлов райондук администрациясынын башчысы Алтынай Өмүрбекова катышты.
Мелдешке Кыргыз Республикасынын спортчулары жана КМШ өлкөлөрүнүн спортчулары катышат.
Аталган мелдеш коңшу өлкөлөрдөгү спортчулар менен достук мамиле түзүү жана грек-рим күрөшүн жалпыга таанытуу максатында өткөрүлүп, үстүбүздөгү жылдын 25-январында уланат.