Аталган иш-чарага баш калаанын калыбына келтирүү борборлорунун балдары, Бишкектин бардык райондорунун жаш өспүрүмдөрү катышып, спорттук эстафета жана оюн зоок конкурстар менен коштолот.
Иш-чара кышкы спорттун түрлөрүн өнүктүрүү, балдарды жана өспүрүмдөрдү  жигердүү эс алууга, дене тарбия жана спорт менен машыгууга чакыруу максатында өткөрүлөт.
Бардык катышуучулар үчүн  ысык тамак уюштурулат.
Аталган иш-чараны Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети уюштурууда.