Жыйындын жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаттары, журналистер жана мэрия кызматкерлери менен полигондун жумушчуларынын иштери менен таанышып, алардын каалоолорун угушту.
Бүгүнкү күндө таштанды полтгонунда бир нече көйгөйлөр бар, алардын ичинде каржылоонун жетишпестиги, атайы автотехникалардын жоктугу. Ушундай көйгөйлөргө карабастан полигон штаттык шарттамда ишин улантып, шаардын бардык таштандыларын кабыл алууда.


“Жакынкы аралыкта  Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын колдоосунун алдында тариф боюнча суроолор чечилет, ошондой эле, жумушчулардын иштеринин шарттарын жакшыртуу, атайы жылуу кийимдерди сатып алуу жана техника үчүн тетиктерди алуу үчүн кошума каражат каралат”. Ошондой эле, Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү банкы менен “Бишкек шаарынын кургак тиричилик калдыктар башкармалыгынын  биргелешкен долбоору боюнча алдыда чоң күтүүлөр турат”,- деди Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараев.


Жыйындын соңунда таштанды полигонунун жаңы башчысы Алыбек Апазовго  кыска убакыттын ичинде видеокөзөмөлдөө орнотуу жана жумушчуларга атайы кийим алып берүү тапшырмасы берилди.
Бишкек мэриясы калаадагы кургак тиричилик калдыктары менен байланышкан көйгөйдү чечүү боюнча тутумдук иш алып барып баштады. 27-январда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов  Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын  8 миллион өлчөмдөгү “Бишкек шаарынын кургак тиричилик калдыктары боюнча башкаруу системасын жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык негиздеги келишимге кол койду.


Келишимдин жалпы суммасы 22 млн. еврону түзөт,  анын ичинде 11 млн. евро ЕРӨБ кредити, СФА тарабынан ЕРӨБ на берилген 3 млн өлчөмүндөгү грант жана «Борбордук Азия үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» Фонду аркылуу Европалык комиссия каржылаган 8 млн. евро суммасындагы инвест-грант.  Бүгүн мэрияда дал ушул 8 млн. еврону түзгөн гранттык келишимге кол коюлду. Ал эми 3 млн. евролук грант жана 11 млн. евролук кредитке 2014-жылы кол коюлган.


Аталган гранттык келишимге кол коюу менен бардык үч документ күчкө ээ болуп, болуп, долбоордун биринчи фазасы ишке аша баштайт.