Коллегияга Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жоомарт Оторбаев, Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Марат Аманкулов, шаардын вице-мэрлери, мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана райондук администрациялардын башчылары катышты.

2014-жылы аткарылган иштери боюнча биринчи вице-мэр Замирбек Малабеков доклад жасап, докладда экономика, коом жана инфраструктура маселелери козголду.

Ошондой эле, премьер-министр Жоомарт Оторбаев тарабынан сунуштар жана сын пикирлер айтылды.

“Биз шаардыктардын жашоо сапатын көтөрүшүбүз керек. Экономиканы көтөрүү. Чындыгында шаар жашоо жана иштөө үчүн ыңгайлуу болуусу абзел”,-деп белгиледи премьер-министр.

 

Толук маалымат