Бишкек троллейбус башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 2-августтан тартып калаада №2 жаңы троллейбустук каттам Аламүдүн-1 кичирайонунан Фрунзе заводуна чейин каттай баштайт.


Салиева кѳчѳсүн оңдоо иштерине байланыштуу аталган каттам убактылуу кыскартылды (Фрунзе заводу –Лермонтов кѳчѳсү, Жибек-Жолу).

Ошондой эле, Манас проспектисин оңдоо иштерине байланыштуу №11 троллейбустук каттамы үстүбүздѳгү жылдын 1-августунан тартып жолдорду оңдоо иштери жыйынтыкталганга чейин токтотулду.