Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, Айтматов проспектиси Жаманбаев көчөсүнөн Сухомлинов көчөсүнө чейинки бөлүгү бир жумага унаа кыймылы үчүн жабылат.


Бул бөлүктө магистралдык жылуулук түйүндөрүн алмаштыруу, ошондой эле кварталдын ички жылуулук түйүнүн алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.


Оңдоо иштери “Бишкекжылуулуктүйүнү” ААК тарабынан  2018-жылдын 1-августундагы № 155 ордердин негизинде жүргүзүлүп, үстүбүздөгү жылдын 7-августунда бүткөрүлөт.


Айтматов проспектисин айланып өтүү батыш тарапка Бакаев (Чапаев) жана Жунусалиев (Орджоникидзе)  көчөлөрү, чыгыш тарапка Токтоналиев жаеа Таабалдиев көчөлөрү аркылуу жүргүзүлөт. Айтматов проспектиси жана Айни көчөсүнүн кесилиши унаа кыймылы үчүн ачык болот.