Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 10-августта Тоголок Молдо атындагы гүл бакчада «Ачык асман алдындагы музыкалык кече» ѳткѳрүлдү.

Иш-чараны Маданият башкармалыгы Биринчи май райондук администрациясы менен биргеликте уюштуруп, шаар тургундарына жагымдуу маанай тартуулашты.

Концерттик программа эстрада ырчыларынын жана "Семетей" ыр-бий ансамблинин, КР Эл артисти Султан Каримов, КР Эмгек синирген артисттери Жанетта, Тилек Найманбаев жана Сьездбек Искеналиевдин жагымдуу ырларынын коштоосунда ѳткѳрүлдү.