Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун жетекчилиги алдында ѳткѳрүлгѳн жыйында тѳмѳнкү маселелер коюлду:

- Сейил бактар үчүн берилген жерлердин чек арасы тез арада аныкталышы керек;

- Фучик паркындагы мыйзамсыз менчикке берилип кеткен парктын жерлерин муниципалитетке кайтаруу иштерин карап чыгуу ыкчам жүргүзүлсүн;

- Ар бир жаңы конушка жаңы гүл бакча, сейил бактарды куруу үчүн долбоорлор иштелип чыгып,  жаңы конуштардагы оңдоло турган кѳчѳлѳрдүн схемасын даярдалсын;

- Түрк элчилигине кайрылып, түрк элинин улуу лидери Мустафа Кемал Ата-Түрктүн атындагы сейил бакка бѳлүнгѳн каражатты тез арады колдонуп, паркты  кѳрктѳндүрүү боюнча сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлсүн;

- Азербайджан Республикасынын үчүнчү президенти Гейдар Алиевдин атындагы парк үчүн берилген жерге, сейил бак гана курулуусу керек. Азербайджандын улуу мууну ѳздѳрүнүн лидерин колдоп, парктын куруусуна кѳңүл бурат деген ишеничтебиз;

- Борбордогу оңдоло турган парктарды кѳрктѳндүрүүдѳ, курууда бардык шарттарды түзүүгѳ ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулсун, борбордогу кароосуз калган парктарды  тематикасына жараша оңдоп чыгуу талап кылынат;

- Мэриянын кызматтары бизнес ѳкүлдѳрү менен биргеликте  парктарды, гүл бакчаларды оңдоп, куруп, чоң ишканаларга ѳздѳрүнѳ жакын жайгашкан парктарга кѳмѳк кѳрсѳтүүлѳрү үчүн  бирге тыгыз кызматташуусу зарыл;

- Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын 200 км ге жакын капиталдык оңдоону талап кылган кѳчѳлѳрү оңдолуп, кум, шагыл тѳгүлүп, бекемделиши, сапатына ѳзгѳчѳ кѳңүл бурулушу керек;

- А.Токомбаев кѳчѳсүнүн Совет кѳчѳсүнѳн Бах кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгүнѳ веложол куруу менен ѳркүндѳтүү керек. Веложолду кенен, жарыктандыруу, жашылдандыруу элементтер менен куруу абзел.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жогоруда көтөрүлгөн маселелердин тез арада аткарылышын жана өзгөчө контролго алынышын талап кылды.

Аталган жыйынга Бишкек шаарынын вице-мэрлери Бакытбек Дюшембиев, Рыспек Сарпашев, райондордун акимдери, мэриянын түзүмдүк бѳлүмдѳрүнүн башчылары катышышты.