«Бишкексууканал» башкармалыгынын маалыматы боюнча, «Ак-Ордо» жаңы конушундагы суу түтүктѳрүн оңдоо иштерине байланыштуу 2018-жылдын 13-сентябрында саат 9:00дон 20:00го чейин таза суу берүү токтотулат.

Аталган иштер жаңы конуштарды суу менен камсыз кылууну жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдѳ.

Бишкек шаарынын мэриясы жана «Бишкексууканал» башкармалыгы шаар тургундарынан  ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.