Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында шаар вице-мэри Бакытбек Дюшембиевдин Швецариянын бизнес-делегациясынын башында турган «Швейцария – Россия\КМШ» соода палатасынын президенти Ги Меттан менен жолугушуусу ѳткѳрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ Бишкек шаарынын мэриясы менен Швецариянын бизнес-коомдоштугунун ѳкүлдѳрү менен Бишкек шаарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктѳр багытында кызматташуусу талкууланды.

Жолугушууга «Бишкекбашкыархитектура» МИнин башчысы Асхат Тулебердиев, Шаарды ѳнүктүрүү агенттигинин директору Рано Разаматова, Женеванын Соода-ѳндүрүш палатасынын директорунун орун басары Винсент Субилия, BCGE башкы менеджери  Сильвио Органтини, «FransadGestion» компаниясынын башкы менеджери Оливье Жакьюму, «IntegralPetroleumSA» башкы директору Мурат Сейнепесов, «JeantetSuisse» юристтер ассоциациясынын мүчѳсү Патрис Лефевр-Пеарон, «Orbiwise» компаниясынын стратегиялык эсептер бѳлүмүнүн башкы директору Хелал катышты.