Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэриянын аппарат жетекчисинин милдетин аткаруучу Балбак Түлѳбаевдин коомдогу кѳйгѳйлѳрдү социалдык тармактарда байма-бай чагылдырып турган блогерлер менен жолугушуусу ѳткѳрүлдү.
Жолугушууда калаадагы мыйзамсыз берилип кеткен парктарды муниципалитетке кайтаруу, шаардын санитардык абалы, кѳрктѳндүрүү, бульварларды жана шаардын ичин жарыктандыруу, жолдорду оңдоо, унаа токтотуу жайларын уюштуруу, базарлардын айланасын ирээтке келтирүү, коомдук транспорттун айдоочуларынын маданиятына кѳңүл буруу,   жол белгилерин орнотуу, жол коопсузудугун жогорулатуу, кѳрнѳк-жарнактардагы жана кѳчѳлѳрдүн аталыштары жазылган аншлагдардагы  каталарды оңдоо, мамлекеттик тилде берүү  жана башка шаардагы кѳйгѳйлѳр талкууланып, блогерлер тарабынан кѳптѳгѳн сунуштар айтылды.
Кезегинде аппарат жетекчиси Балбак Түлѳбаев жолугушуунун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, киргизилген сунуштар Бишкек шаарынын мэриясынын ѳнүктүрүү программасында дагы караларын белгиледи.


Бул багыттагы коомчулук ѳкүлдѳрү менен жолугушуулар дагы улантыла бермекчи.