Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында калаа вице-мэри Геннадий Милицкийдин энергетикалык автомобильдик транспорт ѳндүрүүчү «ЧАНГВАО» компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуусу ѳткѳрүлдү.

Жолугушууда шаардын коомдук транспортун жакшыртуу тармагында энергетикалык автомобильдик транспорт ѳндүрүүчү «ЧАНГВАО» компаниясынын Бишкек шаарынын мэриясы менен кызматташуусу талкууланды.

Компаниянын ѳкүлдѳрү катышуучуларга ѳз ишмердүүлүгү боюнча презентация сунуштап, кызматташууга байланышкан бардык сунуштарды угууга даяр экендигин билдиришти.

Кезегинде вице-мэр Геннадий Милицкий муниципалитетте коомдук транспортту эксплуатациялоо боюнча тажрыйба бар экенин жана Урумчиден Бишкек шаарынын белек кылынган 10 автобус газга өткөрүлгөнүн билдирди.

Жолугушууга Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Хасанбек Алимбеков, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасынын директору Бакыт Темикеев, «ЧАНГВАО» компаниясынын директору Ян Шудун, «ЧАНГВАО» компаниясынын энергетикалык автомобильдик транспорт сатуу боюнча директору Ян Шеньги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын алдындагы “Мурас” Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастар фондунун төрагасы Кыяз Молдокасымов катышты.