Бишкек шаарынын мэриясынын имаратында жайгашкан мэрлердин галереясы муниципалитетти башкарган акыркы беш калаа башчысынын сүрөтү менен толукталды.

Тиешелүү буйрукту шаар мэри Азиз Суракматов тапшырды.

“Бул шаар. Анын тарыхы. Жаманбы же жакшыбы убакыт таразалайт”,-деди калаа башчысы.

Галереяга Данияр Усенов, Нариман Тюлеев, Иса Ѳмүркулов, Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовдун сүрөттөрү илинди.