Свердлов муниципалдык администрациясынын маалыматы боюнча, райондун аймагында "Жарык район" программасы ишке ашырылып жатат.


Бул жылы "Бишкекжарык" МИсинин иш-чаралар планына оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү жана светодиоддук чырактарды орнотуу үчүн Свердлов районундагы 50 көчө киргизилген.


2018-жылдын 8 айында "Бишкекжарык" МИси тарабынан райондогу 27 көчөгө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп, 971 светодиоддук чырактар орнотулду. Алар: Дубосековская, Адыр, Набережная, Эркиндик, Сары-Челек, Рязан, Славянская, Куликовская, Будённая, Салиева, Рабочая, Осмонкул, Школьная, Щербаков, Бельская, Усенбаев, Наманган, Фрунзе көчөлөрү, Андижан, Адыр тар көчөлөрү, Семашко, Тыныстанов, Курманалиев, Мичурина, Мамбетов, Орозбеков көчөлөрү жана "Чыгыш-5" кичи району, "Аламедин-1" кичи району.


Ал эми райондогу калган 23 көчөдө жана "Чыгыш-6" кичи районундагы Сүйүнбаев, Гоголь, Токтогул, Герцен, Москва, Бөкөнбаев, Чокморов, Чуйков, Ибраимов, Шопоков, Үсөнбаев, Абдрахманов көчөлөрүнүн короолорун оңдоп-түзөө иштери ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда.


Андан сырткары, райондук бюджеттин каражатынын эсебинен кошумча 310 светодиоддук чырактар №20 МАБдын №5, 6, 7, 8  кварталдарынын 26 көчөсүнө орнотуу үчүн сатылып алынды, ошондой эле Феодосейский, Никитин көчөлөрүндө жана "Чыгыш-5" кичи районундагы №30 үйдүн жанындагы спорттук аянтчасында (воркаут) оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү.