Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы, №14 муниципалдык аймактык башкармалыгы жана “Бишкекжашылдандыруу” муниципалдык ишканасы менен биргеликте көтөрүлүп жаткан сууларды азайтуу максатында, “Алтын-Бешик” конушунун Мыскал көчөсүндөгү ачык дренажга, Республика көчөсү аркылуу 20 метр аралыкка шакекчелер коюлуп, дренаж суусу “Ала-Арча” суусуна кошулуп агызылды жана үстүнөн фреза төшөлдү. Жыйынтыгында “Алтын-Бешик” конушундагы 190 үйдүн короосундагы жана үйдүн астындагы суулар тартылып кургады.