«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 20-сентябрда саат 9:00дон 17:00го чейин калаанын айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат.
«Контррезервуары» суу топтомуна оңдоо-профилактикалык иштерди жүргүзүүгѳ байланыштуу, М.Горький, Ауэзов кѳчѳлѳрү жана темир жол сызыгы чектешкен райондо ичүүчү суу берүү токтотулат. Анын ичинде:
- «Алтын-Ордо» жана «Кара-Жыгач» жаңы конуштарында;
- Кыргыз-Түрк «Ата-Түрк» университети;
- «Реемстма» ААК;
- №18 кесиптик лицейи;
- «Сулуутор» кондоминиуму;
- «Алтын-Ажыдаар ЖЧКсы»;
- Виноградная, 1 дарегиндеги «САБ №1» ЖЧКсы;
- БУПП-3;
- «СЭМ» компаниясында;
- «Ысык Нан» ЖЧКсы;
- «Ак-Жолтой» АК;
- «Аман-Жол» АК;
- №93 ПТУ;
- «Кыргызэнергоремонт» АК;
- «Аю Гранд Комфорт» соода борбору;
- Физиология институту;
- Унаа чогултуучу завод;
- Республикалык МАИ;
- «Антибиотики» ААК;
- «Зинанын торту» ЖЧКсы;
- Виноградная, 1 «а» дарегиндеги шаардык муз тебүү;
- Исакеев-Ауэзов кѳчѳсүндѳгү сүт борбору;
- «Мабелла» ЖЧКсы;
- №2 Калкты тейлѳѳ борбору;
- Мамлекеттик каттоо кызматы (ЦОН №2 ГРС).
«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала суу камдап алууларын суранат.