«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 22-сентябрда саат 9:00дѳн 17:00гѳ чейин калаанын айрым райондорунда таза суу берүү токтотулат.


3-кичи райондогу Д=150мм муздак суу менен камсыз кылган суу түтүгүн оңдоо иштерине байланыштуу,  Койбагаров кѳчѳсүнүн түндүк тарабындагы турак райондо, Тобольский чолок кѳчѳсүнѳн Предгорный чолок кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүктѳ таза суу берүү токтотулат. Анын ичинде:


-№60 орто мектепте;


-№123 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде;
-№126 адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемесинде;
-№64 байланыш почта бѳлүмүндѳ;
-«Ариэль» окуу-тарбиялык комплексинде;
-«Ариэль Лиор» жеке бала бакчасында;
-Улуттук онкология борборунда таза суу берилбейт.


«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.