Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында калаа башчысы Азиз Суракматовдун жүргүнчүлѳрдү ташыган фирмалардын жетекчилери менен жолугушуусу ѳткѳрүлдү.


Жолугушуунун жүрүшүндѳ калаа башчысы бүгүнкү күндѳ кичиавтобустардын айдоочуларына карата кѳптѳгѳн арыздар  түшүп жаткандыгын белгилеп,  жүргүнчүлѳрдү ташууну жѳнгѳ салуу боюнча бирдиктүү стратегияны иштеп чыгуу  иштерин бирге жүргүзүүгѳ чакырды.


Кезегинде фирма жетекчилери жол кире акысын жогорулатуу маселесин кѳтѳрүштү.  Бирок, Азиз Суракматов жол кирени жогорулатуудан мурун,  жүргүнчүлѳрдү ташуу жана жол кыймылынын эрежесин, унаанын санитардык жана техникалык абалын, айдоочулардын жүргүнчүлѳргѳ болгон маданиятын сактоону, ирээтке келтирүү керектигин баса белгиледи.


Аталган жолугушуунун жыйынтыгында шаар мэри Шаардык транспорт башкармалыгына жүргүнчүлѳрдү ташыган фирмалардын жетекчилери менен жума сайын жолугушууларды ѳткѳрүүнү жана кѳйгѳйлѳрдү ыкчам чечүүнү тапшырды.