Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында район башчысы Самарбек Болотбеков райондун турмуш-тиричилигине активдүү катышкандыктары жана кызматташуусу, колдоосу үчүн «Мадина», «Дордой», «Алкан и Ко» ЖЧКларына, «Чынар» базарына, «Шоро» ЖАКна, «Дасторкон» кулинариясына, «Берен голд» ЖЧКсына, «Жасмин» кафесине ыраазычылык баракчаларын тапшырды.


Ѳзүнүн сѳзүндѳ район башчысы Самарбек Болотбеков райондун социалдык-экономикалык жолунда бирге кызматташарын белгилеп, ийгиликтерди, бакубат турмуш жана алдыга койгон максат-тилектердин орундалышын каалады.