2018-жылдын 19-сентябрында III - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 27 жылдыгына карата муниципалдык администрациясында салтанаттуу иш чара өткөрүлдү.

Биринчи май районун башчысы Токтосун Султанов III - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган иш чара жогорку деңгээлде даярдалып, катышкандарга жана кызмат көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирди. Бул иш чараны өткөрүүдө Бишкек шаарынын ордосунда, райондук администрация башка райондор менен биргеликте салым кошуп, Бишкек шаары бир катар номинациялар боюнча байгелерди алгандыгын маалымдады.

Райондун башчысы Т.Султанов баардык чакырылгандарды жогоруда аталган иш чаралар менен куттуктап, чын ден соолук, иштерине ийгилик, өлкөбүз өсө беришине тилектиштигин билдирди.

Иш чаранын жыйынтыгында, ак ниет жана үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар шаардык кызматтардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, райондук кызматтардын кызматкерлери, чарба субъектилеринин жетекчилери ардак грамоталар жана алкыш баракчалары менен сыйланды.