2018-жылдын 19-сентябрында Биринчи май административдик районун башчысы Т.Султанов райондун тургундары менен кезектеги кабыл алуусу өткөрүлдү.  

Жарандарды кабыл алууда негизги маселелер болуп материалдык жардам көрсөтүү, турак-жай бөлүп берүү, инфраструктураны жакшыртуу маселелери көтөрүлүп, жыйынтыгы боюнча МАБдарга жана райондун тиешелүү кызматтарына тапшырмалар берилди. 

Район башчысынын жарандарды кабыл алуу күнү ар жума сайын шаршемби күнү саат 14:00до жүргүзүлөт. Жарандар райондун башчысынын кабыл алуусуна, жазылуу үчүн 32-52-85 телефону аркылуу кайрылса болот.