Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы тарабынан калаанын санитардык абалын текшерүү ѳткѳрүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндѳ Чокон Валиханов кѳчѳсү, №15/1 дарегинде жашаган Оморова С. жараны белгиленбеген жерге жана санитардык норма, эрежелерди сактабай таштанды ѳрттѳп жаткандыгы аныкталды.


Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ»   кодексинин №489 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.