Октябрь райондук администрациясынын башчысы Ренат Айтымбетов «Тазалык» муниципалдык ишканасынын, Санитардык-экологиялык инспекциясынын, «Комтранском» ЖЧКсынын, «Бишкекжашылчарба», «Бишкексвет», «Бишкекасфальтсервис»  муниципалдык ишканаларынын ѳкүлдѳрү менен биргеликте 7-кичи районунун санитардык абалы жана кѳрктѳндүрүү боюнча текшерүү жүргүздү.


Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга райондун, анын ичинде короолордун арасындагы аймактардын  санитардык абалын жана кѳрктѳндүрүү иштерин күчѳтүү тапшырылды.