Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Биринчи май районунун санитардык абалын текшерди.


Текшерүүнүн жүрүшүндѳ  Д. Сяопин проспектиси №183 дарегиндеги тоок саткан түйүндүн айланасы антисанитардык абалга жеткендиги, ошондой эле ирригациялык түйүнү жана тротуары тазаланбагандыгы аныкталды.


Ошондой эле, Профсоюз кѳчѳсү №76 дарегинде жайгашкан «Пит Стоп» унаа оңдоочу жайынын айланасы антисанитардык абалга жетип, Бишкек шаарынын кѳрктѳндүрүү эрежелери бузулган.


Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэриясынын СЭИ инспекторлору тарабынан аталган эки даректин ээлерине Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Биринчи май райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.