Д.Асанов атындагы сейил багында  Бишкек шаарынын Октябрь муниципалдык администрациясы жана  райондук билим берүү башкармалыгы тарабынан мамлекттик тилдин 29 жылдыгына жана залкар жазуучу

Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган  “Кыргыз – тили жана Чынгыз Айтматов” аттуу иш – чарасы өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарада  Бишкек шаарынын Октябрь муниципалдык администрациясынын башчысы Ренат Айтымбетов куттуктап, мамлекеттик тилдин ѳркүндѳшүнѳ тилектеш экендигин  жана өлкөбүздүн ар бир жараны мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө, анын коомдук турмушта кеңири колдонулушуна өз салым  кошууга чакырды.

Райондук иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Бишкек шаарынын мэриясы, Бишкек шаарынын Билим берүү борбору, Октябрь районун билим берүү борбору, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү, мугалимдер жана тарбиячылар, райондун тургундары жана  шаардын меймандары катышышты.

Майрамдык иш-чаранын пролог бөлүгүндө сахналаштыруу болуп, расмий бөлүктө майрамдык куттуктоо сөздөрү айтылып, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашырууга салым кошуп жаткан райондук мекеме-уюмдардын кызматкерлери, мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары менен сыйланышты.