Жакын арада Тыныстанов кѳчѳсү №193 дарегине 140 кичинекей шаар тургунун батырган жаңы бала бакчанын курулушу башталат.


Совет учурунда аталган даректе бала бакча болгон. Богатырев Борис Валентинович Биринчи май райондук комитетинин башчысы болуп турганда, аталган бала бакча биринчи мамлекеттик кыргыз тилин үйрѳткѳн бала бакча болуп ачылган. Кыргыз тилиндеги бала бакчаны жазуучу Чыңгыз Айтматов колдоп, кѳмѳк кѳрсѳткѳн.


2018-жылдын 25-сентябрындагы №192 буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койду.


Муниципалдык мүлк башкармалыгына бардык жер тилкесинин укук белгилеген жана укук күбѳлѳндүргѳн  документтерди мектепке чейинки билим берүү уюмун куруу жана долбоорлоо менен иштеген Капиталдык курулуш башкармалыгына ѳткѳрүп берүү тапшырылды.


2010-жылы жер тилкесин колдонуу мѳѳнѳтү бүткѳндүгүнѳ байланыштуу, азыркы кеңсеге 5 жылга убактылуу колдонууга берилген. Бул учурда Бишкек шаарынын мэриясынын 1997-жылдын 12-июлундагы №61 токтому күчүн жоготту деп табылган.


2010-жылдын 6-7-апрель күндѳрүндѳгү окуяда аталган имарат ѳрттѳнүп, колдонууга жарабай калган. Ушул жылы Кыймылсыз мүлктү каттоо жана жерге жайгаштыруу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан шаар мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгына № 010960 номериндеги жер тилкесин мѳѳнѳтсүз колдонуу Мамлекеттик акты жолжоболонгон.