Жѳѳ жүргүнчүлѳргѳ жана вело спортун сүйүүчүлѳрүнѳ ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Түштүк магистралдын Садырбаев кѳчѳсүнѳн (мурдагы Бах кѳчѳсү) Рысмендеев кѳчѳсүнѳ чейин вело жол жана тротуарды куруу иштерин улантышууда.


Вело жолдун жалпы узундугу 3,6 км, туурасы – 1,5 метрди түзѳт. Ошондой эле, тротуар, эки кѳпүрѳ курулуп, айланасы кѳрктѳндүрүлѳт. Куруу иштерине 55 млн.сомдон ашык каражат коротулат.


Аталган иштерди үстүбүздѳгү жылдын ноябрь айынын башында бүткѳрүү пландалууда.


«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын башчысы Амантуров Мирлан Казылаевич, тел: 0555 51 55 77. 


Бишкек -  сүйүктүү шаарыбыз!


Урматтоо менен, шаардык муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.