«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын «Суу чарба» бѳлүмүнүн кызматкерлери тарабынан калаанын коллектордук-дренаждык жана ирригациялык түйүндѳрдү тазалоо боюнча иштер кызуу жүргүзүлүүдѳ.


Тазалоо иштери шаардын түндүк тарабында Биринчи май жана Свердлов райондорунда жүргүзүлүп жатат, ал эми Ленин жана Октябрь райондорунда жер астынан чыккан суу жок.


Белгилей кетсек, ишкананын балансында 90,2 км магистралдык жана суу берүүчү каналдар, 80,6 км ачык жана жабык коллектордук-дренаждык түйүндѳр бар. Аталган иштер жер астынан чыккан булактардын деңгээлинен кѳтѳрүлүүсүн жана алардын бүтѳлүп калуусун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдѳ.


Биринчи май районун Тоголок Молдо, Зима, Саадаев, Түлѳбердиев, Пензенский, Щербаков кѳчѳлѳрүндѳгү, Челябинский, Ижевский, Витебский, Можайский чолок кѳчѳлѳрүндѳгү, «Кѳлмѳ» жана «Ак-Босого» жаңы конуштарындагы бардыгы 20780 погондук метр түйүн, ал эми Свердлов районунун Суворов кѳчѳсүндѳгү, БЧЧК түштүк тарабындагы, Дзержинский, Фере, Мусоргский, Озерной, Маяковский, Сеченов, Арал, Боталиев, Керчен, Васильев кѳчѳлѳрүндѳгү, «Бакай-Ата» жана «Ак-Тилек» жаңы конуштарындагы жалпысынан 21920 погондук метр түйүн тазаланды.


«Суу чарба» кызматынын кызматкерлери тарабынан магистралдык жана каналдар тазаланып жатат. Октябрь району боюнча жалпысынан 31,96 км, Биринчи май району боюнча 13,07 км, Ленин району боюнча 31,48 км, жалпысынын үч райондо 76,51 км канал тазаланды.


«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын директору Жолдошова Эльнура Шаршенбиевна, тел: 0701 77 04 04.

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз.


Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэриясынын басма-сѳз кызматы.