Кечиресиздер, кайрадан таза суу ѳчүрүлѳт. Таза суу камдап алыңыздар!

«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 2018-жылдын 11-октябрында саат 9:00дѳн 21:00гѳ чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат.

«Түштүк-Батыш» жана «Гагарин» суу топтомдорун оңдоо иштерине байланыштуу Л.Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайков кѳчѳлѳрү чектешкен турак райондо жана «Ак-Ѳргѳ» жаңы конушунда, анын ичинде:

- «Ак-Ѳргѳ» жаңы конушунда;

- «Ак-Ордо» жаңы конушунда;

- Ленин районунун Аскер комиссариатында;

- №55 орто мектебинде;

- «Яшар» ЖЧКсында;

- Гагарин кѳчѳсү боюнча «Бишкекжылуулуктармагы» КИ от казанында;

-  Жер бѳлүштүрүү институтунда;

- №5 мончодо таза суу токтотулат.

«Кыргызконьягы», «Комбинат»,«Лина», «Кока-Кола», «Тамга-Таш ЛТД» ЖЧКларында суунун басымы тѳмѳндѳйт.

«Бишкексууканал» башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан, мекеме жана ишканалардан кечирим сурайт жана алдын ала таза суу камдап алууларын суранат.

«Бишкексууканал» ѲЭБнын башчысы Исаев Асылбек Мухамбетович, тел: (0-770) 73-77-17.
- «Бишкексууканал» ѲЭБнынборбордук диспетчердик кызматынын номери: 56-03-20;

-ички үйлѳрдүн түйүндѳрү боюнча кайрылуулар үчүн байланыш номери: 54-42-45, 54-42-44.

- «Шаарсууѳткѳрүү» башкармалыгы тышкы түйүндѳр боюнча азырдарды кабыл алат. Тел: 44-95-97, 44-96-45.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, шаардык муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.