Шаар тургундарына ыңгайлуулукту түзүү максатында, калаада катуу отун (кѳмүр) сатуучу стационардык түйүндѳр жана кѳмүр базалары иштеп жатат.


Октябрь районунун аймагынан кѳмүрдү «Тѳкѳлдѳш» жаңы конушундагы «Аламүдүн» станциясынан сатып ала аласыздар. Бүгүнкү күндѳ станцияда 200 тонна кѳмүр бар. 1 тонна кѳмүрдүн баасы 4 100  сом.


Ошондой эле, «Кара-Кече» кѳмүрү «Кара-Жыгач» жаңы конушунда,  Анкара жана Достоевский кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде жайгашкан кошумча стационардык түйүндѳ сатылат жана учурда 100 тонна кѳмүр бар. Кѳмүрдүн 1 тоннасы 4 миң сом, бир  кап кѳмүр 200 сом турат.


2018-жылдын октябрь айынын аягынан тартып тѳмѳнкү даректерде кѳмүр сатылуучу кошумча стационардык түйүндѳр иштей баштайт:


- «Кара-Жыгач» жаңы конушунун Анкара-Эркин кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде;

-«Кара-Жыгач» жаңы конушунун Анкара-Субан-Ата кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде;

-«Рухий-Мурас» жаңы конушунун Анкара-Ауэзов кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде;

-«Кѳк-Жар» жаңы конушунун Ахунбаев-Куйручук  кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде.

Биринчи май районунун аймагында үч жерде кѳмүр сатылууда. Кѳмүрдүн орто баасы 1 кап 170-200 сомду, ал эми тоннасы 3500-4000 сомду түзѳт.


-Махатма Ганди  кѳчѳсү жана ЧЧК кесилишинде;

-Зима-Архитектор кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде;

-Щербаков кѳчѳсү №121 дарегинде.

Свердлов районунда кѳмүрдү Достоевский кѳчѳсү  № 1 дарегинде жайгашкан «Восход и К» ЖЧКсынын кампасынан сатып алсаңыздар болот.  «Шабыркүл» кѳмүрүнүн 1 тоннасынын баасы 4100 сом.

Мындан тышкары, райондо кѳмүр тѳмѳнкү даректерде дагы сатылат:

- Фере-Орозбеков кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде;

- Орозбеков-Саадаев кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде;

- «Келечек» жаңы конушунда;

- «Ак-Бата» жаңы конушунда.

Ленин районунун аймагында үч жерде катуу отун (кѳмүр) сатылуучу база жайгашкан:

-Мурман кѳчѳсү №1 дареги боюнча  «Ак-Жол» ЖЧКсы;

- Мурман кѳчѳсү №59 дареги боюнча  «Торг-Синтез» ЖЧКсы;

-Мурман кѳчѳсү №367 дареги боюнча «Беш-Сары» ЖЧКсы.

Ошондой эле, кѳмүр тѳмѳнкү даректерде сатылат:

-   Гагарин кѳчѳсү №67;

-  Гагарин кѳчѳсү  №86;

-  Баррикадная чолок кѳчѳсү  №1;

-   Саранский чолок кѳчѳсү №2.

Ленин райондук администрациясынын башчысы  Тынаев Нурдин Раатбекович, тел: 0555 78 70 07.

Свердлов райондук администрациясынын башчысы  Болотбеков Самарбек Болотбекович, тел: 0557 88 30 30.

Октябрь райондук администрациясынын башчысы Айтымбетов Ренат Калкабаевич, тел: 0555 73 71 20;

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Султанов Токтосун Султанович, тел: 0555 53 82 17.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, шаардык муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.