Шаардык муниципалитетте кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болду.


Транспорт маселесин тейлеген вице-мэр болуп Ситников Максим Валерьевич дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол койду.


Максим Ситников  бул кызматка чейин КРнын Президентинин аппаратында Мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадр иштери бѳлүмүнүн инспектору болуп эмгектенип келген.