Октябрь райондук администрациясынын башчысы Ренат Айтымбетов №6 МАБдын кызматкерлерине жана жаңы конуштардагы кварталдык комитеттердин тѳрагаларына жыйын ѳткѳрдү.


Жыйында райондогу кѳйгѳйлѳр жана жаңы конуштарды ѳнүктүрүү, санитардык тазалык жана кѳрктѳндүрүү, 2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыктарды кѳрүү талкууланды.


Аталган жыйындын соңунда шаардык жана райондук кызматтар менен биргеликте жаңы конуштардагы кѳйгѳйлѳрдү чечүү үчүн кѳчмѳ жыйындарды ѳткѳрүү жана кѳйгѳйлѳрдү биргеликте кароо чечими чыгарылды.