Жол инфраструктурасын жакшыртуу, транспорт кѳйгѳйлѳрүн чечүү жана тургундардын жүрүүсүнѳ ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаарынын жаңы конуштарында 200 км жол катмары түздѳлѳт.


Бүгүнкү күндѳ «Бишкекафальтсервис» муниципалдык ишканасы тарабынан «Арча-Бешик», «Тѳкѳлдѳш», «Кара-Жыгач», «Рухий-Мурас», «Кѳк-Жар», «Алтын-Ордо» жаңы конуштарында жолдорду түздѳѳ иштери жүргүзүлдү. Түздѳлгѳн  жолдордун жалпы узундугу 54430 погодук метрди түзѳт.


Учурда ишкана «Учкун» жаңы конушунда түздѳѳ иштерин ѳткѳрүп жатат.


«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын башчысы Мирлан Амантуров, 0555 515 577.


Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!
Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэриясынын басма-сѳз кызматы.