Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэриянын аппаратынын жетекчиси Балбак Түлѳбаевдин кытай делегациясынын башында турган «BeijingEnterprisesGroupCompanyLimited»компаниясынын тѳрагасынын орун басары Ли Юн Чен менен жолугушуусу ѳткѳрүлдү.


Жолугушуунун жүрүшүндѳ тараптардын суу чарба тармагында тыгыз кызматташуусу (тазалоочу курулма жана ичүүчү сууну жеткирүү), энергетика (газ, энергиянын жаңы булактары ж.б.) жана айлана-чѳйрѳнү коргоо талкууланды.


Аталган иш-чарага  Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын башчысы Нурлан Касымов, «Бишкексууканал» башкармалыгынын башчысы Асылбек Исаев, «BeijingEnterprisesGroupCompanyLimited» башкы менеджеринин кеңешчиси Шонг Бин, тышкы байланыштар боюнча департаменттин директору Чжу Иньху, тазалоочу курулмалар боюнча департаменттин директору Сюэ Ченг,  Кыргыз Республикасындагы «Beijing Enterprises Group Company Limited» ыйгарым укуктуу ѳкүлү Айбек Насырула, инвестицияларды колдоо жана ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн эксперти  Айваз Оморканов катышышты.