Шаардык муниципалитетте кадрдык ѳзгѳрүүлѳр болду.


«Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын башчысы болуп Джеембаев Тилек Джанышович дайындалды. Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.


Мурда ал Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын транспорт бѳлүмүнүн башчысы кызматында эмгектенип келген.


Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!
Урматтоо менен, шаардык муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.