Бишкек шаарынын мэриясы мыйзамсыз жана ѳз билемдик менен орнотулган жарнама конструкцияларын алуу иштерин улантууда.

2018-жылдын 15-октябрында Биринчи май райондук администрациясы №15 МАБ, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы, 

«Тазалык» МИ, райондун ИИБ жана Бишкек шаарынын ЖКККБ менен биргеликте Патриса Лумумбы кѳчѳсүнүн Дэн Сяопин проспектисинен Профсоюз кѳчѳсүнѳ чейинки бѳлүгүндѳ мыйзамсыз орнотулган жарнама такталарын алуу иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле, Бишкек шаары боюнча ЖКККБ тарабынан унаа токтотуу эрежесин бузган айдоочуларга айып пул салынды.

Аталган иштер Бишкек шаардык кеңешинин жана шаардык муниципалитеттин тапшырмасын аткаруунун алкагында жүргүзүлдү. Бул багыттагы иштер дагы улантыла бермекчи.

Биринчи май райондук администрациясынын башчысы Султанов Токтосун Султанович, тел: 0555 538 217.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, шаардык муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.