Бишкек шаарынын мэриясы жаш өспүрүмдөр арасында топтошкон мушташтарды, рэкет жана башка укук бузууларды алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

Муниципалдык администрациянын жыйындар залында район башчысы Самарбек Болотбековдун жетекчилиги алдында РБББнун директорунун, мектептердин директорлорунун, тарбия иштери боюнча директорлордун орун басарларынын, РИИБнин начальнигинин орун басарынын жана Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын начальнигинин ошондой эле райондук спорт комитетинин катышуусунда жыйын болуп өттү.

Жыйында жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулар боюнча мектептердеги учурдагы абалы жана көйгөйлөрү боюнча маалыматтар берилип, ошондой эле  топтошкон мушташтарды, рэкет жана башка укук бузууларды алдын алуу боюнча биргелешкен (перспективдүү) келечектүү план талкууланды.  

Муниципалдык администрация, Свердлов райондук Ички иштер Башкармалыгы, Социалдык ѳнүктүрүү башкармалыгы, райондук Билим берүү борбору жана Муниципалдык аймактык башкармалыктары менен биргеликте, ар дайым «Беспризорник», «Улица», «Компьютер», «Подвал», «Бродяга» аталыштагы рейддик иш-чараларлар өткөрүлөт.

2018-жылдын 9 айында жалпы 19 рейддик иш-чаралар өткөрүлгөн. Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө 195 жаш өспүрүм  аныкталып, 54 жаш өспүрүм Кыргыз Республикасынын Ички Ииштер Министрлигин жашы жете электердин арасындагы укук бузууларды алдын алуу борборуна жеткирилген, 135 жаш өспүрүмгѳ түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин мыйзамдуу өкүлдөрүнө берилген. Ѳзбек Республикасынын 3 жараны жана Тажик Республикасынын 1 жараны жана Кыргыз Республикасынын 10 жараны жашы жете элек балдары менен кайыр сурап жүргөн жеринен аныкталган. Жашы жете элек балдар менен кайыр сурап чыгууга жол берилбестиги тууралуу түшүндүү иштери жүргүзүлгөн.

Балдар иштери боюнча комиссиясы 2018-жылдын 9 айында келип түшкөн 290 материал боюнча 36 отурум өткөрүлүп, 290 токтом даярдалган. Комиссиянын чечими менен 60 жаш өспүрүм жана 17 үй-бүлө Свердлов райондук ИИБнын ЖӨИ инспекциясынын профилактикалык каттоосуна коюлган жана 11 жаш өспүрүм мектеп ичиндеги көзөмөлгө коюлган.
«Тобокел тобундагы» балдар менен индивидуалдык маектер жүргүзүлөт. Мектептердин социалдык-психологиялык кызматтары тарабынан ээнбаш балдардын жүрүм-турумдарын оңдоо боюнча  диагноздук жана коррекциондук иштер жүргүзүлөт.  «Тобокел тобундагы» балдарды ийримдерге катышууга тартуу боюнча мектеп психологдору жана социалдык кызматкерлери тарабынан бир катар иштер жүргүзүлөт.