Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык - экологиялык инспекциясы тарабынан Бишкек шаарынын санитардык жана экологиялык абалы боюнча рейд ѳткѳрүлдү.
Рейддин жүрүшүндѳ 11-кичи районун 14-үйдүн жанында “Бишкеккурулуш” ААК жумушчулары тарабынан тиешелүү аймагында курулуш таштандылары үйүлгөндүгү аныкталып, Бишкек шаарынын жашылдандыруу-көрктөндүрүү эрежелеринин талаптары сакталбагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө” Кодексинин 488-статьясынын талаптарына ылайык, протоколдор түзүлүп, Октябрь районунун административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Данияр Сулайманов. Телефон: 65 81 59, 0550173170.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!
Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.