“Тазалык” муниципалдык ишканасы 2018-2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча бардык зарыл болгон чараларды алдын-ала көрүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча, базага 203,2 тонна кум, 865 тонна техникалык туз алып келинген. Мурунку калганы менен 4 798 тонна кум, 909 тонна техникалык туз даярдалган.

Күз-кыш мезгилдеги тазалоо иштери 1-ноябрдан 1-мартка чейин жүргүзүлѳт. Аба-ырайы  кескин өзгөргөн учурда (кар, катуу суук) кышкы тазалоо жумуштарынын башталышы жана аяктоосу Бишкек шаарынын ТЖКЧ башкармалыгы жана шаардык ИИБдин КЖК бөлүмү аркылуу түзөтүлөт.

Жыл сайын 1-ноябрда ишкана үчүн күз-кыш мезгили башталат. Кыш мезгилинде жолдордун абалы жана аларды кышкысын эксплуатациялоо үчүн техникалык режимди так сактоо, тайгакчылык менен күрөшүү иштери жүргүзүлөт. АБП, ИТК жана жумушчу курамдан турган кезмет бригадалары уюштурулат, алар жолдорго  кум, туз себүү жумуштарын аткарат. Кезмет учурунда атайын эс алуу комнатасы жабдууланат.

Көчөлөрдүн өтмөк бөлүктөрүн, жолдорду тазалоо Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин талаптарына ылайык  жүргүзүлөт.
Шаардык жолдорду жана көчөлөрдү кардан тазалоо жана кум себүү  мөөнөтүн аныктоо үч категорияга бөлүнөт:

1-категория – өкмөт өтүүчү жолдор, автобус, троллейбус линиялары бар интенсивдүү кыймылдуу көчөлөр,  муздун пайда болуусу менен автоунаа кыймылына тоскоолдук кылган эңкейиш көчөлөр.

2-категория -  шаардык транспорттун орточо интенсивдүү көчөлөрү, интенсивдүү жөө жүрүүчүлөрдүн аянттары.

3-категория – интенсивдүүлүгү чоң эмес көчөлөр.

Шаардын көчөлөрүнүн өтүүчү бөлүктөрүн кардан тазалоо 35 автоунаа менен жүргүзүлөт. Алардын ичинде 20 МАЗ базасындагы кар жыйноочу машина, 2 кум чачуучу ЗИЛ-130 КДМ базасындагы машина, 2 фронталдык жүктөөчү, 5 трактор (Беларусь) щеткалары жана күрөктөрү менен, 2 трактор МТЗ 80 кар тазалоочусу менен, 4 универсалдуу УКМ-2500 жана 40 адам жолдорду эксплуатациялоо жумушчуларынан болот. Аялдамаларды жана жол боюндагы жанжолдорду кардан тазалоо 725 коомдук аймактарды тазалоочулар жана автосамосвалдарга кол менен жүктөгөн 113 жүктөөчүлөр аркылуу ишке ашырылат.