25-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Робин Орд-Смит менен жолугушуусу ѳткѳрүлдү.

Жолугушууда шаардык муниципалитет менен «Бишкек-баары үчүн акылдуу шаар» стратегиясын иштеп чыгуу боюнча DFID кызматташуусу талкууланды.

Калаа башчысы бул долбоорду ишке ашыруу шаар тургундары үчүн маанилүү экендигин белгиледи. Мэрия тарабынан шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, санариптик технологияларга ѳтүү үчүн чоң иштер аткарылып жатат.

Аталган жолугушууга Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлѳбаев, Борбордук Азиядагы DFID регионалдык кеңсесинин башчысы Питер Фернандес Карди жана Бишкек шаарындагы DFID долбоору боюнча координатор Анара Аширалиева катышты.