Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов муниципалдык администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков райондун аймагындагы башаламан соодаларды жоюу жана Жибек-Жолу проспектиндеги, ошондой эле көйгөйлүү жерлердеги унаа тыгындарын азайтуу жана тартипке келтирүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.
Андан тышкары башчы райондогу "Ардагер " геронтологиялык борборуна барып, борбордун тургундары менен маек куруп, борбордун жетекчиси менен тышкы жарыктарды орнотуу маселесин талкуулады.
Октябрь районунун башчысы Ренат Айтымбетов “Бишкекбашкыархитектура” МИнин, Мамэкотехинспекциянын, “Тазалык” МИнин, “Комтранском” ЖЧКсынын өкүлдөрү жана №8 МАБдын кызматкерлери менен Чыңгыз Айтматов көчөсү №82/1 дарегинде жайгашкан таштанды аянтчасынын ордун текшеришти. Ошондой эле, аталган аймактын санитардык тазалыгы жана көрктөндүрүү маселеси көтөрүлдү.
Аталган багыттагы иштер дайыма жүргүзүлүп келет.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!