№38 окуу тарбия комплекс гимназия мектебинде математика предметинен “Педагогдордун кесиптик чеберчилигин заманбап технологияларды пайдалануу менен жогорулатуу” аталышта шаардык семинар ѳткѳрүлдү.

Семинарда эмгек сиӊирген мугалим Дайырбекова Гүлнара Мелисовна “Эмнени окутабыз? Эмнеге окутабыз? Кантип окутабыз?” деген темада доклад  окуду жана математикадан жаңы окуу китептериндеги кээ бир маселелерди чыгаруу боюнча  тажрыйбалары менен бөлүштү. Математикадан предметтик стандарт боюнча кеӊири талкуу жүргүзүлүп, мугалимдер үчүн пайдалуу жана кызыктуу ѳткѳрүлдү.

Мугалимдер уюштуруучуларга жана мектеп жамаатына ыраазычылыктарын билдиришти.