Бишкекте шаардын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаевдин Улуу Британиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит жана “Бишкек-баарыбыз үчүн акылдуу шаар” стратегиясынын долбоорунун алкагында маселелерди талкуулоо боюнча эл аралык өнүктүрүү департаментинин делегациясы менен жолугушуусу өткөрүлдү.

Эл аралык өнүктүрүү боюнча Улуу Британия департаментинин консультанттары  “Бишкек-баарыбыз үчүн акылдуу шаар” стратегиясын иштеп чыгуу варианттары аныкталган баштапкы отчетун сунушташты.

Сунушталган варианттардын ичинен бул багыттар белгиленди: шаардын электрондук өкмөтү, шаардын санариптик картасы,  коопсуз, таза жана эффективдүү транспорт, шаар тиричилигинин ар түрдүүлүгү, социалдык адилеттүүлүк жана мүмкүнчүлүк.

Бул багыттарды иштеп чыгуу жана иликтөө максатында DFID консультанттары тарабынан муниципалитеттин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен жолугушуулар өткөрүлөт.

Тематикалык семинарлар өткөрүлгөндөн кийин ушул жылдын декабрь айында аталган стратегиянын презентациясы сунушталат.
Жолугушууга Бишкек шаарынын DFID долбоору боюнча координатору Анара Аширалиева, «Smartcity» боюнча консультанттар  Джон Ханна, Эльмира Керималиева катышты.