Бүгүн, 16-ноябрда шаардык муниципалитеттин жыйындар залында калаа башчысы Азиз Суракматовдун шаар тургундарын жеке кабыл алуусу өткөрүлдү.

“Балдарды калыбына келтирүү борборунун” кызматкерлери жана борбордун мурдагы тарбиялануучуларынын бирин асырап алган эне Л.О. калаа башчысы Азиз Суракматовдун жеке кабыл алуусунда борбордун жетекчилигине карата арызданышты.  Асырап алган эне борбордун тарбиялануучулары психикалык, физикалык зомбулукка кабылып жатышканын билдирди. Кезегинде калаа башчысы бул маселе азыркы учурда териштирилип, иликтенип жатканын жана кылмыш иши козголгондугун белгиледи.

Мэрдин жеке кабыл алуусунда турак үйлөрдүн ортосундагы курулуш объектилеринин мыйзамдуулугу, бош имараттардын ижарасы боюнча, шаардык дүкөндөрдүн санитардык абалы боюнча маселелер көтөрүлдү.

Шаар тургундарынын бардык кайрылууларын калаа башчысы тиешелүү шаардык кызматтарга, райондук администрациялардын башчыларына кайрылууларды карап чыгып, кыска мөөнөттүн ичинде чечүүнү тапшырды.