№ 38 окуу тарбия комплекс мектеп-гимназиясында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата “Тил жана Айтматов” үч айлыгынын планынын негизинде “Залкардын залкар жазуучусу Ч.Айтматов” аттуу иш чара өткөрүлдү.

Иш-чара “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын, “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын” ишке ашыруу, мамлекеттик тилдин статусун көтөрүү, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жарыялаган “Эне тил жана Айтматов” үч айлыгынын жобосун ишке ашыруу, Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүү, анын чыгармаларын жайылтуу, залкар жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу, улуттук баалуулуктарды, рухий дөөлөттөрдү жана маданий-тарыхый мурастарды даңазалоо максатында уюштурулду.

Аталган иш-чарага Роза Айтматова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Бактыбек Турусбеков, Бишкек шаарынын вице-мэри Асель Куламбаева, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ишеналиева Аида, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министирлигинин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Ибраимова Гульнара, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ниязбекова Эльвира, Свердлов  районунун акими Болотбеков Салмоорбек, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын адистери, Свердлов районунун билим берүү борборунун директору Абдылдаева Анара, мугалимдер жана тарбиячылар катышышты.