Калаада муниципалдык жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы катталды.

“Көлмө” жаңы конушунун тургундары Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгына Кулиев көчөсү, 215 дарегинин ээлери муниципалдык жерди мыйзамсыз басып алгандыгын жана ал жерге дубал курушкандыгы тууралуу кабарлашкан.

Башкармалыктын кызматкерлери жерине барып, тиешелүү уруксат документтери жок  мыйзамсыз дубал курулгандыгын  аныкташты.  
Түшүндүрүү иштеринен кийин узундугу 15 метр жана туурасы 2 метр дубал түрттүрүлдү.