Аба-ырайынын катаал шарттарына карабастан, борбор шаарыбызда коллектордук-дренаж түйүндөрүн тазалоо иштери жүрүп жатат.

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы тарабынан Биринчи май районунун аймагында жер астындагы сууларды төмөндөтүү максатында, "Ак-Босого" конушунун Профессор Зима көчөсүндө Кичи Чүй каналынан Бухара көчөсүнө чейин жабык коллектордук-дренаж түйүндөрүн механикалык тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин 300 метрден ашык КДТ тазаланды. Бардыгы 4500 метрден ашык жабык дренаж түйүндөрүн тазалоо иштери пландаштырууда.

Бул убакка чейин "Көлмө", "Алтын-Бешик" конуштарында, Щербаков көчөсүндө ачык коллектордук-дренаж түйүндөрү тазаланган.
Район боюнча бардыгы 25 миң метрден ашык КДТ тазаланды.

Бул багытта иштер активдүү улантыла берилмекчи.