Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан  Аламедин -1 кичирайонундагы Колбаев менен Чолпон-Ата кѳчѳлѳрүнүн кесилишине курулган пайдубал жана темир тосмо түрттүрүлдү.

Аталган жер тилкеси убактылуу гана колдонууга берилген. Бирок атайын  текшерүү учурунда  жер тилкесине берилген кортунду жана келишим кѳрсѳтүлгѳн эмес.

Башкармалык тарабынан пайдубалды жана темир тосмону ѳз ыктыяры менен түрттүрүү милдеттендирилген. Бул  эскертүүнү аткарбагандыгына байланыштуу 27- ноябрь күнү  жер ээсинин катышуусу менен башкармалык тарабынан мыйзамсыз курулушту   түрттүрүү  иштери жүргүзүлдү.